Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Шайлоодо “Ойлоном, тандайм, келечегим бар” аттуу өнөктүк иштейт


Жаштардын “Кебел” клубу, “Эмити” коомдук фонду жана “Эркин муун” либерал жаштарынын альянсы биргелешип уюштуруп жаткан бул өнөктүк август айынан тартып ноябрга чейин, президенттик шайлоо убагында иштемекчи. Уюштуруучулардын бири Зина Абдирасулованын “Азаттыкка” билдиришинче, кампаниянын негизги максаты - жаштарды жана студенттерди шайлоого активдүү катышууга, кысым, басымы жок өздөрү тандаган талапкерге добуш берүүгө үндөө. Ошондой эле жаштарды таза жана ачык шайлоо өткөрүү идеясынын алдына бириктирүү болуп эсептелет. Ал эми 27-июлда “Ойлоном, тандайм, келечегим бар” деген аталышта Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, жаш активисттердин катышуусунда тегерек үстөл өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG