Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:48

Чакан ГЭСтерди кыргыз-орус биргелешип курат


Кичи ГЭСтерди куруу жана долбоорлоо боюнча биргелешкен ишкана ачуу боюнча меморандумга бүгүн Энергетика министри Аскарбек Шадиев жана Орусиянын “ЭЛСИБ” илимий-өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси Корней Гиберг Бишкекте кол коюшту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Арлан Осмонжанов кабарлады.

Мындан сырткары “ЭЛСИБ” менен Кыргыз илмий-техникалык борборунун ортосунда да келишимге кол коюлуп, анын алкагында чакан жана кичи ГЭСтерди өнүктүрүү, инвестор тартуу, жумуш орундарын түзүү жаатында кызматташуу жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG