АКШнын президенти Барак Обама ушул мүнөттөрдө өлкөнүн карызын төлөй албай калышына жол бербөөгө байланышкан америкалык мыйзамгерлердин ортосундагы талаш боюнча сөз сүйлөгөнү жатат. Обаманын демократиялык партиясынан шайланган конгрессмендер менен оппозициядагы республикачылар кечээ АКШнын карыз чегин көтөрүп, бюжеттин тартыштыгын азайтуу боюнча мунасага келе алышкан жок. Эгер 14.3 триллион доллардык чекти көтөрүү тууралуу макулдашуу 2-августка чейин жетишилбесе, АКШ карыздары боюнча үстөк пайыздарын төлөөгө каражатсыз калмакчы. Бул өз кезегинде глобалдык экономикага кайрадан будуң-чаң салышы мүмкүн.