Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Норвегияда курмандыктардын саны 76 экени бышыкталды


Норвегияда полиция жума күнкү кыргындын курмандыктарынын санын 93төн 76га азайганы бышыкталганын билдирди. Ослодогу жардыруу жана аралдагы аткылоо үчүн жоопкерчиликти Андерс Беринг Брейвик өзүнө алган. Ал кечээки сотто бир уюмдун эки бөлүмү менен иштешкенин бышыктады. Жабык өткөн сот ишинен кийин сот Хегер 32 жаштагы норвегиялык жаран дагы сегиз апта камакта калаарын бышыктады. Хегер Брейвиктин чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, бирок күнөөсүн мойнуна алуудан баш тартканын билдирди:

- Айыпталуучу чабуулду моюнга алганы менен, күнөөсүн мойнуна алган жок. Биз түшүнгөндөн, айыпталуучу маданий марксизмден жана мусулмандардын баскынчылыгынан сактануу үчүн, Норвегияда жана башка Батыш Европа өлкөлөрүндө ушул өңдөнгөн аракеттер көрүлүшү керек деп эсептейт.

Брейвиктин ашкере оңчул жана анти-исламдык уюшмалар менен алакасы болгондугу кабарланууда. Ослодогу кечээки аза күтүүгө он миңдеген киши, алардын ичинде өкмөт башчысы Иенс Столтенберг катышты.

XS
SM
MD
LG