Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:12

Зилзаладан кыйроо абалына келген имараттардын саны - 912


Бул тууралуу Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, зилзаладан кийин Баткен облусу боюнча жалпы 3283 имарат иликтенип, анын ичинен 623 үй, 6 көп кабаттуу турак-жай, 19 социалдык объект авариялык абалда экендиги аныкталды.

Ал эми Ош облусунда 1115 турак-жай текшерилип, алардан 259 турак-үй, 5 социалдык объект авариялык абалга кириптер болгону такталды. Жарандык коргонуу комиссиялары облустун аймагында иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 20-июлдагы жер титирөөнүн чыгымы 246 млн. сомду түзүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG