Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:50

Бишкекте Рыкунованы колдогондор митинг өткөрдү


Бишкектеги Ак үй алдына чогулган элүү чамалуу адам Раушан Рыкунованы куугунтукка алууну токтотууну талап кылышты. Акцияга катышуучулар Роза Рыкунованын күйөөсү да куугунтукталып жатканын айтышып, өлкө президентине кайрыла тургандыктарын билдиришүүдө.

Кезегинде Раушан Рыкунова “Мегаком” байланыш операторунун ээси “Альфа Телекомдун” 51 пайызына ээлик кылууну көздөп келе жаткан Penwell компаниясынын өкүлү катары иштеп келген.

УКМКнын басма сөз кызматы буга чейин билдиргендей, эже-сиңди Раушан Рыкунова менен Айнура Сим "апрель окуяларынан кийин “Мегаком” компаниясынан мыйзамсыз акча алып кеткен" деген шек менен июнь айынын орто ченинде кармалышкан.

20-июнда Бишкектеги Биринчи май райондук соту аларды бир ай, эки күнгө камакта кармоого чечим кылган. Июль айынын башында алардын адвокаттары Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылып, натыйжада Раушан Рыкунованын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Ал эми анын сиңдиси аталган Айнура Сим УКМКнын убактылуу кармоочу жайында калган. (KKs)

XS
SM
MD
LG