Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

АКШ Кыргызстандын аэронавигация тармагын жаңылашат


АКШ өкмөтү Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлигине өлкөнүн аймагындагы аба кыймылын көзөмөлдөө жана башкаруу аэронавигациялык жабдууларын жаңылоого жардам берет. Бул тууралуу АКШнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул максатта 30 миллион доллар бөлүнгөнү турат.

Жаңы жабдуулар Кыргызстандын бүткүл аба мейкиндигин көзөмөлдөөгө жана бардык аба каттамдарындагы кыймылды башкарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ага кошумча бардык аба каттамдарындагы учактар менен аба кыймылын башкаруу органындарынын ортосундагы радиобайланыш маселесин чечип берет.

Аталган жаңылоонун экинчи бөлүгү "Манас" аэродромунун аймагында «Вышка» аттуу жаңы командалык-диспетчердик пункттун курулушун камтыйт. Жаңы пункттун өзгөчөлүгү – учактардын учуу жана конуу жараянын башкаруу учурунда толук визуалдык көзөмөл жасоого мүмкүнчүлүк түзөт. Жаңы «Вышка» жайкы учуу майданына жана чектеш аймакка, анын ичинде келечекте мүмкүн курулуучу кошумча учуу майданына, көз салуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртат. Жаңы пунктта күнү-түнү диспетчердик кызматкерлер, метео техник-байкоочулар жана инженердик-техникалык кызматкерлер жайгашат. (KKs)

XS
SM
MD
LG