Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Обама республикачыларды кайрадан кепке чакырды


АКШ президенти Барак Обама мыйзамчыларды мамлекеттик карыздар боюнча бир пикирге келүүгө кайрадан чакырды. Дүйшөмбү күнү кечинде телеберүү аркылуу элге кайрылуусунда Обама бир аптадан кийин өлкөнүн экономикасына олуттуу зак кетүү ыктымалдыгы барын эскертти.

Өкүлдөр палатасындагы республикачылар Обаманын бюджетти бай адамдарга салыктарды көбөйтүүнүн эсебинен кыскартуу сунушуна каршы болуп, социалдык программалардын эсебинен кыскартууну талап кылууда. Эгер 2-августка чейин бул талаш чечилбесе АКШ өзүнүн тарыхында биринчи жолу карыздары боюнча милдеттенмелерин аткара албай, техникалык дефолтко кирептер болот. Обама бул үчүн жоопкерчиликти республикачыларга жүктөп жатат.
Обамага жооп кайтарган республикачылардын лидери Жон Бойнердин пикиринде, АКШ карыздарын төлөй албай калбашы керек, бирок ал чыгымдарды кабелтең кыскартуу жана реформа аркылуу чечилет.

XS
SM
MD
LG