Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Иранда экс-президентке өлкөдөн чыгууга уруксат берилген жок


Ирандык интернет сайтка ылайык, Мохаммад Хатами Европадагы балдарына учурашып, Ирландиядагы саясий семинарга катышмак. Аты аталбаган булакка шилтеме берип, "Жахан Ньюс" сайты кабарлагандай, жергиликтүү бийликтер Хаттамиге өлкөдөн чыгууга уруксат берген жок. Бул кабар расмий тактала элек.

Хаттамиге былтыр да Жапониядагы өзөктүк куралсыздандыруу боюнча жыйынга баруусуна тыюу салынган. 1995-жылдан 2005-жылга чейин өлкөнү башкарган Хаттами 2009-жылы өткөн шайлоодо президент Махмуд Ахмединежаддын кайра шайланышын тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG