Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:03

Кинокербен сапарга чыгат


Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына байланыштуу мамлекеттик кинематография агенттиги атайын кинокербен уюштурууда. 1-августта баштала турган иш-чарада жаш режиссерлордун түрдүү эл аралык сыйлыктарга татыган тасмалары, “Кыргызфильм” киностудиясында тартылган жаңы фильмдер көрүүчүлөргө тартууланат.

Кинокербен 1-августтан 31-августка чейин Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып, көрүүчүлөргө “Алмаз”, “Кам санабаңыз”, “Сөйкө”, “Мекеге жол”, “Абышка” жана башка толук жана кыска метраждуу тасмаларды тартуулайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG