Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Коргоо кеңешинин жыйыны августта болот


Президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаровдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны август айынын 2-он күндүгүнө белгиленген. Анда жарандардын коопсуздугун камсыздоо, чек араны кайтарууну күчөтүү, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн 2-этабына киришүү жана башка маселелер каралат.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн 1-этабы өткөн жылдын аягында башталып, андан бери уюшкан кылмыштуу топтордун 170тен ашуун мүчөсү кармалып, сотко өткөрүлүп берилген. Өткөн аптада Сауд Аравиясында кыргызстандык кылмыш төбөлдөрү Камчы Көлбаев менен Алманбет Анапияев кармалганы маалымдалган.

Коргоо кеңешинин бул жыйыны "Коргоо кеңеши тууралуу" мыйзам парламент тарабынан кабыл алынып, күчүнө киргенден кийинки алгачкы отуруму болуп эсептелет. Буга чейинки жыйыны убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде өткөрүлгөн. Коргоо кеңешинин төрайымы – мамлекет башчы Роза Отунбаева. (ZKo)

XS
SM
MD
LG