Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:52

Футбол таймашында коопсуздукту миңдей милиция камсыздайт


28-июлда Спартак стадионунда кыргыз-өзбек футбол таймашы өтөт. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оюн маалында коомдук тартипке 1000 милиция көзөмөл салат. Бүгүн Бишкекке Өзбекстандан машыктыруучу баштаган 5 кишиден турган делегация келди. Бардыгы болуп футболго коңшу мамлекеттен 19 оюнчу келери күтүлүүдө.

23-июлда Ташкентте өткөн Кыргызстан менен Өзбекстан курама командаларынын беттешинде кыргызстандык футболчулар 4:0 эсебинде утулуп калган. Эми эки курама ортосундагы экинчи беттешүү Бишкек шаарында эртең өтөт.

Өзбекстан менен Кыргызстан курамалары 2014-жылы Бразилияда өтө турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунун алкагында беттешүүдө. (EK)

 

XS
SM
MD
LG