Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Британия ливиялык оппозицияны "өкмөт" деп тааныды


Британия Ливиядагы оппозициянын Улуттук Өткөөл кеңешин “өлкөнүн легитивдүү өкмөтү” деп тааныды жана Ливиянын Лондондогу элчилигинин бүт кызматкерлерин өлкөдөн чыгарып жиберээрин билдирди. Бул тууралуу бүгүн Британиянын тышкы иштер министри Уилиам Хейг айтты. Быйыл майда Триполиде британ элчилигинин имаратына чабуул болгондо Британия ливиялык элчини “персона нон-грата” деп жарыялаган.

"Премьер-министр жана мен “Британия мындан ары Ливиянын жалгыз мыйзамдуу бийлиги катары Улуттук Өткөөл кеңешин тааныйт” деп чечтик, - деп айтты Хейг. - Бул чечим аталган кеңеш барган сайын өзүнүн легитимдүүлүгүн, иш билгилигин арттырып, Ливия эли менен байланышын кеңейтип жатканын көрсөтөт".

XS
SM
MD
LG