Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө арналган жыйын болот


«Кыргызстанда жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү» деп аталган эл аралык жыйын АКШ өкмөтүнүн жардамы менен бүгүн Бишкекте өткөрүлөт. USAIDдин Жергиликтүү өнүгүү программасынын алкагында өтүп жаткан жыйынга эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик аткаминерлер жана адистер катышат.
Конференциянын жүрүшүндө экономикалык өнүгүүнүн жергиликтүү жана эл аралык тажрыйбасы каралат. Аталган иш-чарага Украинанын Алчевск шаарынын мэри Владимир Чуб, Чехия, Украина менен Американын жергиликтүү өнүгүү боюнча эл аралык эксперттери катышат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG