Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Ниязовдун соту 10-августка жылды


Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун “Азаттыкка” айтымында, аны Башкы прокуратура “Добулбас” гезитине берген маеги үчүн сотко берген. Бир ай мурда берилген маекте Ниязов кылмыш дүйнөсүнүн анабашы делген Камчы Көлбаев тууралуу суроого жооп берип, анын сырткы өлкөлөрдө качып жана кармалып турганын сындап, ал үчүн азыркы бийлик жетекчилерин күнөөлөгөн.

Бүгүнкү күнгө белгиленген сот аталган гезиттин журналисттинин келбей калганына байланыштуу 10-августка жылдырылды. Бул ишти Биринчи май райондук соту карап жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG