Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Ысык-Көлдө сел жүрдү


Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылында 27-июлда түнкү саат 00:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” кабарлады. Райондук Жарандык коргоону боюнча комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча, 58 турак үйлөргө зыян келтирилген. Анын ичинен 3 үй авариялык абалга келген. Учурда комиссия иликтөө, тактоо иштерин улантууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG