“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын билдиришинче, өкмөт башчы Алмазбек Атамабев бүгүн Жалал-Абад облусунун Сары-Талаа айылына курула турган “Датка” подстанциясына капсула койду. Премьер-министр “Датка” подстанциясынын курулушу менен өлкө түштүгү энергетика коопсуздугуна жетишет деп билдирди. Маалыматка ылайык, аталган подстанцияны Кытайдын ТВЕА компаниясы курууда. Курулуш иштерине жалпысынан 208 млн. доллар жумшалат. Бул каражат Кытайдан 2% менен жеңилдетилген насыя катары алынууда. Кыргызстандын түндүк жана түштүк электр тармактарын бириктирчү “Датканын” кубаттуулугу саатына 500 киловатт. Курулуш иштери август айында башталып, 18 айда бүтөөрү кабарланды. (КЕ)