Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

“Айгүн Иншаат” компаниясын тоногондордун бири кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев кабарлады. Анын айтымында, турктөрдүн "Айгүн Иншаат” курулуш компаниясына 27-июлда түнкү саат 3төр чамасында беш-алты белгисиз, бет капчан адамдар кирип келишкен. Алар аймакты кайтарган эки күзөтчүнү сабап, бирөөсүнүн аялы менен балдарын кошо байлап сейфтеги ири суммадагы акчаны уурдап кетишкен.

“Бул объект “Тигр” деп аталган менчик күзөт агенттигинин карамагында. Окуя болгон учурда үн чыгаруучу аппараты иштеп, агенттиктин ыкчам тобу кылмыштын үстүнөн чыгат. Ал жерде эки топ уруша кетип, “Тигрдин” балдары курал колдонушат. Бирок кылмыштуу топ акча менен качканга үлгүрүшкөн. Окуя болгон жерге Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барып, аймакты тазалоо учурунда кылмышкерлердин жашынып калган бир өкүлүн кармашкан” – деди Осмонбаев. Азыркы кезде окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG