Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Жапаров: Бүджет катуу тартыш болот


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында айткан депутат Акылбек Жапаров баалардын кескин өсүшү жана азыркы өкмөттүн чабалдыгын белгиледи. Ошондой эле ал өкмөттүн чоң чыгашаларды жасап жатканын, бүджеттин таңкыстыгын сынга алып, быйыл инфляция чоң болорун билдирди. Жапаров чыгашаларды жабуу үчүн той-топурларды, чоң каражат сураган эстелик жана курулуш иштерин токтото турууну сунуштады.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбев “Азаттыкка” жума башында берген интерьюсунда бюджет таңкыстыгы болот деген маалыматтарды четке кагып, сентябрь айынан тартып социалдык кызматкерлердин айлыгы, жакын арада пенсия көтөрүлөрүн айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG