Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Ошто пахтаны курт курута баштады


Бул тууралуу Химия жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин директорунун орун басары Владимир Пак “Азаттыкка” тастыктады. Пахта курту Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунда күч алууда. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын эсебинде пахтага экинчи ирет курт түшүүдө. Биринчиси июнь айынын башында болсо, үчүнчүсү августтун башында да курт көбөйөт деп болжолдонууда. Акыркы жолу бул пахта куртунун көбөйүшү 1978-жылы белгиленген.

Пактын айтымында, сезон убагында 9-10 жолу курттарга каршы химиялык заттарды себиш керек болсо, дыйкандар болгону 1-2 жолу гана колдонушкан. Экинчиден, былтыркы кыш жылуурак болуп, курттардын көбөйүшүнө шарт түзгөн. 2011 жылы мамлекеттик казынадан пахта талааларын сактап калуу, курттар менен күрөшүүгө 31 миллион сом бөлүнгөн. Учурда райондук штабдар түзүлүп, авиация дагы колдонулууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG