Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Косовонун чек арасын НАТО көзөмөлдөйт


Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Косоводогу кырдаал боюнча чукул жыйынга чогулат. Сербиянын демилгеси менен чакырылган Коопсуздук Кеңештин чукул жыйыны бүгүн кечке жуук Нью Йоркто башталат. НАТОнун бейкуттукту сактоочу күчтөрү Косовонун Сербия менен чектешкен түндүк аймактарын көзөмөлдөйт.

Шаршембиде Косово-Сербия чек арасында жергиликтүү сербдер чек арадагы текшерүү-өткөрмө бекетти талкалап, өрттөп жиберишкен. Ага чейин косоволук полиция бул аймактагы эки чек ара бекетин көзөмөлдөп турган. Кырдаал чыңалганда полициячылар алынып салынган. «Йарийне» бекети жабылды. Жергиликтүү сербдер менен тиреште бир полиция кызматкери өлгөнү кабарланды.

Косовонун бийлиги Сербияны зордук-зомбулукка түрткү бергендиги үчүн айыптады. Белград болсо косоволуктарды сабырдуулукка чакырды.

XS
SM
MD
LG