23 жаштагы Тамта Липар-Телиани Норвегиянын Утое аралындагы кыргындан бери дайынсыз жоголуп жаткан эле. Ал аралдагы жаштар лагерине Грузиянын Жаш Социалисттеринин атынан барган. Аны менен кошо болгон дагы грузин жараны аман калды.
Өткөн жума күнү 32 жаштагы ашкере оңчул экстремист Андерс Бериң Брейвик Ослодо жардыруу жасагандан кийин, аталган аралда ок ачып, 80ге чукул кишинин, негизинен жаштар лагериндеги өспүрүмдөрдүн өмүрүнө забын болгон. Полиция Брейвик бул кыргынды өзү жалгыз уюштургандыгын, ал бүгүн сурак берээрин билдирүүдө.