Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” маалымдашынча, Садыр-Аке айылдык округдагы Григорьевка айылынын капчыгайындагы Чоң-Аксуу суусуна түшүп кеткен К.Абдышевдин сөөгү табылды. Ал эми Б.Жайламышевдин сөөгүн издөө иштери уланууда.
Издөө иштерине аталган министрликтин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 5, Суучулдарды даярдоо борборунан 2 куткаруучу жана туугандары тартылган.
26-июлда кечки саат тогуздар чамасында эс алуудан кайткан 14 жүргүнчү менен бараткан ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кырсыкка учурап, Чоң-Аксуу суусуна түшүп кеткен.
Кырсыктан жараат алган үч адам Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилип, үч адам сууга агып кеткен болчу. (КЕ)