Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Эл аралык валюта корунун президенти АКШ долларынын келечеги күмөн туудурат деп эскертти


Кристиан Лагарде Вашингтондогу кризистик жагдай жакын арада жөнгө салынбаса, АКШ доллары дүйнөдөгү башкы валюта статусунан ажырап калышы ажеп эмес деп билдирди. Бул билдирүү Вашингтондо АКШнын 14,3 триллион долларлык карызга барабар чегин көтөрүү планы боюнча республикачылар менен демократтар ортосундагы тирешүү курчуган маалда жасалды. Конгресс карыздын чегин көтөрбөсө, АКШ өкмөтү элге жана сыртка болгон бересе-насыяларын төлөй албай, болуп көрбөгөндөй кризиске учураарын Американын каржы министрлиги эскерткен.

XS
SM
MD
LG