Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Болотбек Аманбаев кабарлады. Анын айтымында, облус боюнча бул экинчи Куткаруучу кызмат. Анын бирөө Нарын шаарында жайгашкан.
Жаңы ачыла турган кызмат Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан Жумгал районуна чейинки өзгөчө кырдаалдарга жооп берет. Анда он адам иштемекчи. Куткаруу кызматынын ачылыш аземи 30-июлда болот. Ага министр Болот Борбиев катышат. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы маалымдады. (КЕ)