Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлер оозеки сынактан өтө баштады


Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Жогорку Соттун судьялыгына 35 орунга 114 арыз түшкөн. Алардын бири Кубанычбек Абдыкеримов өз каалоосу менен арызын кайтарып алган.

Ушул саатка карата 14 талапкер оозеки сынактан өттү. Жалпысынын Сотторду тандоо кеңешине 150 арыз жана даттануулар түшкөн. Талапкерлердин тизмеси “Эркин Тоо” жана “Кыргыз Туусу” гезиттерине жарыяланып, www.sudsystem.kg сайтына жайгаштырылды. Жарандык коом талапкерлерге карата өз пикирлерин билдирсе болот.

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Кеңештин 8-июлдагы кезексиз жыйынында бекитилген. Ага ылайык, бул кеңешке 24 адам кирип, төрага болуп Замирбек Базарбеков шайланган. Бул кеңеш Кыргызстандагы 450дөн ашык судьялардын кызмат ордуна ылайыктуулугун кайра карап чыкмакчы.

Буга чейин Укук коргоочулар кеңеши сотторду тандоо ачык өтпөй жатканын айтып билдирүү тараткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG