Анкаралык маалымат агенттиктери түрк армиясынын штаб башчылары кызматынан чегингенин кабарлашты. Аларда айтылгандай, Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси, генерал Исик Косанер башында турган деңиз, аба жана жөө аскерлер командачылары кызматынан бошонушту. Армия жетекчилери соңку кездери Түркиянын премьери Режеп Тайип Эрдогандын өкмөтү менен тирешүүсү күчөп, ортодогу чыңалуу эмки жумадагы жолугушууда талкууланмак.