Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:55

1-августтан жол коопсуздугун видео менен текшере башташат


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, 1-августтан баштап ишке кирише турган “Жол коопсуздугу” пилоттук долбооруна даярдыктар жыйынтыкталды. Бүгүн долбоорго катыша турган кайгуул-күзөт жана жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлерине акыркы тренинг өткөрүлдү.

1-августтан тарта Бишкек шаарында жол коопсуздугу боюнча жаңы долбоор ишке кирет. Анын алкагында кайгуул-күзөт жана жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын кызматкерлери биргелешип иштешет. Бишкек шаары 40 бөлүккө бөлүнүп, ар бир бөлүктө үч кызматкерлерден турган топ күнү-түнү күзөттө турушат. Ар бир топтун автоунаасына атайын видеокөзөмөл коюлат. Демейдегидей унаасын токтотуп, айдоочуларды тосуу болбойт.

Бул топтор бир эле маалда Бишкектеги жол коопсуздугуна жана коомдук тартипке жооптуу болушат. Долбоор бул тармактагы коррупциялык аракеттерге бөгөт коюу максатында жасалууда. Эки айга созулчу долбоордун натыйжасына оң баа берилсе, бул иш башка аймактарга жайылтылып, убактысы узартылат. Иш-чарага жалпысынан 10 млн. сом каражат бөлүнгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG