Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:57

Көлбаев КМШ көмөгү менен экстрадицияланышы мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов билдирди. Анын айтымында, Бириккен Араб Эмираттарында кармалганы айтылган Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касеновду алып келүү иши менен Башкы прокуратура, ИИМдин Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы алектенүүдө.

Кыргызстан менен БАЭ ортосунда кылмышкерлерди алмашуу келишими болбогондуктан, мындай келишими бар КМШга кирген өлкөлөр аркылуу кармалгандарды алып келүү максат кылынууда. Учурда кайсы мамлекеттин процедуралары Кыргызстанга ылайыктуу экендиги такталып жатат.

Буга чейин ички иштер министри Зарылбек Рысалиев БАЭда кармалган адамдар үчүнчү өлкөлөрдүн көмөгү менен Кыргызстанга алынып келиши мүмкүндүгүн айткан.

Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү делген Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов Бириккен Араб Эмираттарында "зергер буюмдар дүкөнүн тоноду" деген шек менен 18-июлда кармалган. (KKs)

XS
SM
MD
LG