Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Быйыл кыргызстандыктар ажылыкка учак менен гана барышат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын муфтиятынын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, буга Сириядагы болуп жаткан тополоңдор себеп болууда.

“Быйыл ажылыкка бара турган кыргызстандык атуулдардын бардыгы бир гана аба жолдору менен бармай болду. Азыр Сирияда болуп жатканы окуялардан улам Түркия дагы жарандарын учак менен жөнөтүп калды. Экинчиден, паспорттор учакка түшөрдүн алдында гана берилет”, - деди Максат Мамбеталиев.

Буга чейин визалар алдын ала берилип, башка бирөөлөргө сатылган учурлар байкалган. Сауд Арабстаны бул жылы Кыргызстанга ажылык сапар үчүн 4500 орун бөлдү. (KKs)

XS
SM
MD
LG