Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Журналисттер шайлоону туура чагылдырууну үйрөнөт


Кыргызстандын Боршайкомунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 1-августта Бишкекте алдыдагы президенттик шайлоону туура чагылдыруу боюнча журналисттерге арналган тренинг башталат. Ага БШК мүчөлөрү катышып, эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү адистер журналисттерге тажрыйбаларын айтып беришет.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири - Интерньюс Нетуорк өкүлчүлүгүнөн буга чейин билдиришкендей, мындай тренинг 1-2-августта Бишкек шаарында, 4-5-августта болсо Ош, Жалал-Абад шаарларында өтөт.

Иш-чара БУУнун Өнүктүрүү программасынын, Шайлоо системаларынын эл аралык корунун колдоосу алдында уюштурулууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG