Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:20

Москвада дарыядагы кырсыкта тогуз адам өлдү


Орусиянын Тергөө комитетинин кабарына караганда, кечээ түнкү кырсыкта катердеги сегиз жүргүнчү жана кеменин капитаны сууга чөгүп кетишкен. Жети жүргүнчү куткарылды. Алардын арасында Түркиянын жараны да бар.

Жалпысынан 16 киши бараткан кемеде майрамдык кече өтүп жаткан экен. Түнкү саат бирден өткөндө ал Москва мамлекеттик университетинин тушунда алдынан келаткан жүк ташуучу узун кеме менен сүзүшүп кеткен.

Суу транспортун колдонууда коопсуздук эрежелери сакталбаганы үчүн кылмыш иши козголду. Кеменин ээси да сууга чөгүп өлгөнү айтылууда. Ал буга чейин үч жолу эрежелерди бузганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылганы аныкталып отурат.

Мындан болгону үч апта мурдараак Орусияда Волга дарыясында “Булгария” кемеси сууга чөгүп кетип, кырсыкта 122 адам мерт болгон эле.

XS
SM
MD
LG