Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Баткендин Сай айылынын тургундарына чатыр жете элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облусуна караштуу Сай айылынын айрым тургундары кабарлашты. Алардын айтымында, зилзаладан турак-жайы жараксыз абалга келген жети үй-бүлө учурда үйлөрүнө кирүүдөн коркуп, ачык асманда күн өткөрүүдө. Баткен районунун акими Хаитали Айкынов бул боюнча Бириккен Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасына кайрылышканын, маселе бүгүн-эртең чечилип каларын “Азаттыкка” билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 20-июлдагы жер титирөөнүн кесепетинен Ош жана Баткен облусунда кеминде эле 750дөн ашык имарат авариялык абалга келген. Баткен облусунда зилзаладан 1214 адам жабыркаганы айтылууда. Жер титирөөнүн күчү очогунда 7-8 баллга жеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG