Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Түндүк Корея куралсыздануу боюнча сүйлөшүүнү жандандырууну көздөйт


Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсү өлкөнүн жогорку даражалуу дипломаты америкалык өкүлдөр менен сүйлөшүү үчүн өткөн аптада Нью-Йоркко барып келген соң жасалды.

Түндүк Корея тараптын айтымында, алар өзөктүк куралдан арылуу боюнча сүйлөшүүлөр жакын арада “эч шарт коюлбастан” жандануусун каалайт. Алты тараптуу сүйлөшүүгө Түндүк жана Түштүк Кореядан тышкары Кытай, Орусия, Жапония жана АКШ катышып келген. Расмий Пхеньян бул сүйлөшүүлөрдөн 2009-жылдын апрель айында экинчи ирет өзөктүк сыноо өткөрөрүнөн бир ай мурда чыгып кеткен эле. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, өкмөт 2005-жылы кол коюлган макулдашуу боюнча милдеттемелерин аткарып, экономикалык жардам көргөзүлгөн шартта өзөктүк программдан баш тартууга даяр.

XS
SM
MD
LG