“Апрель баатырлары” коомдук борбору Бишкекти Манас шаары деп атоо сунушун көтөрүп чыкты. Борбордун жетекчиси Турусбек Сагынаевдин бүгүнкү маалымат жыйында шаардын атын өзгөртүү боюнча кол топтоо башталганын билдирди. Алардын эсебинде, шаардын атын өзгөртүүгө 120 млн. сом талап кылынат. (КЕ)