Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Германия БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сирия боюнча жыйынын чакырды


Бүгүн өтөрү күтүлүп жаткан жыйын Сириядагы соңку кан төгүүгө байланыштуу чакырылды. Жекшемби күнкү зордук-зомбулуктар президент Башар Ассаддын режимине каршы демонстрациялар башталган март айынан берки эң ири кыянатчылыктардын бири катары каралууда. АКШ президенти Барак Обама өз билдирүүсүндө Хама шаарынан түшкөн маалыматтар “үрөй учурарлык экендигин жана Сириядагы режимдин нукура жүзүн көргөзүп турганын” белгиледи. Активисттердин айтымында, Сирияда жекшемби күн ичинде бери дегенде 136 адамдын өмүрү кыйылган. Алардын ондогондору Хама деген шаарда армиянын танктар колдоо көргөзгөн чабуулу учурунда каза табышкан.

XS
SM
MD
LG