Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Израиль менен Ливандын аскерлери чек арада атышты


Бүгүнкү атышуу үчүн эки тараптын армиясы бири-бирин айыпташты. Израль тараптын билдиргенине караганда, Ливандын аскерлери алардын чек арада иштеп жаткан жоокерлерине ок чыгарган жана Израиль тарап буга жооп берген. Ал эми Ливандын ырастоосунда, алардын аскерлери Израилдин жоокерлери чек арадан өткөндөн кийин гана ок атышкан. Жабыр тарткандар тууралуу эки жактан тең маалымат түшкөн жок. 2006-жылы Израиль Ливандагы “Хезболла” тобуна каршы 34 күндүк согуш жүргүзгөн. Кээде ок атышуулар орун алып келгенине карабай, андан бери чек ара негизинен тынч деп эсептелчи. Былтыр чек арадагы атыштан Ливандын эки аскери, бир журналист жана Израилдин бир офицери каза тапкан.

XS
SM
MD
LG