Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Данияр Дунгановдун жакындары анын саламаттыгына тынчсызданышууда


Апрель окуясы боюнча айыпталып, камакта жаткан Данияр Дунгановдун бир тууганы Арстан Дунгановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, күн өткөн сайын анын саламаттыгы начарлап баратат. Арстан Дунгановдун айтымында, айыпталуучунун адвокаты Данияр Дунгановдун саламаттыгын текшерүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындоо өтүнүчү менен сот төрагасы Дамир Оңолбековго кайрылган, бирок азырынча сот кайрылууну карай элек. Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү башталган учурда оор операцияны башынан өткөргөн Дунгановду сотко дарыгерлер “Тез жардам” унаасы менен алып келип турушкан. Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары Данияр Дунгановго “элге ок атууга буйрук берген” деген айып тагылууда.

2010-жылдын 7-апрелинде өкмөт үйүнүн алдында элге атылган октон 87 адам набыт болгон. Андан бери октон алган жаракатынан бир нече киши каза тапты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG