Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Кыргызстандан тышкары 23 өлкөдө шайлоо участоктору ачылат


"Шайлоо тууралуу" мыйзамга ылайык, мекенинен тышта жүргөн кыргызстандыктар элчиликтерде жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн аймактарында гана добуш бере алышат. Натыйжада сыртта жүргөн кыргызстандыктар үчүн 23 өлкөдө 29 шайлоо участогу түзүлдү. Анын ичинен Орусияда добуш берүү участоктору Москвадагы элчиликте, Екатеринбург шаарындагы жана Новосибирскидеги консулдук өкүлчүлүктөрдө ачылат. Ушундай эле мүмкүнчүлүк Германиянын Бонн, Франкфурт, Берлин шаарларында түзүлөт.

Казакстандын борбору Астана шаарындагы элчиликтин жана Алматы шаарындагы консулдук өкүлчүлүктүн имаратына келип, кыргызстандык жарандар шайлоодо добуш бере алышат. Ошондой эле Түркияда иштеп, окуп жашап жүргөн кыргызстандыктар Стамбул жана Анкара шаарларындагы өкүлчүлүктөрдүн имараттарына келип, шайлоого катыша алат.

Украина, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Беларус, Кытай, АКШ, Британия, Швейцария, Жапония, Малайзия, Индия, Иран, Пакистан, Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Кореяда жашаган кыргызстандыктар бул өлкөлөрдө орун алган элчиликтин имараттарында добуш берүү укугуна ээ. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымдады.

30-октябрга белгиленген президенттик шайлоодо сыртта жүргөн кыргызстандыктар үчүн шайлоо бекеттери кыскарганына нааразылыктар айтылып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG