Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Отунбаева: Мигрант аялдарга ар тараптан камкордук керек


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева 1-августта Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата резиденциясында Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун делегациясын кабыл алган учурда билдирди. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууга ЕККУ төрагасынын гендер маселелери, адам сатууга каршы күрөшүү боюнча атайын өкүлдөрү Венди Паттен, Мария Грация Жаммаринаро жана уюмдун Бишкек борборунун башчысынын милдетин аткаруучу Лилиан Дарий катышты.

Өлкө башчысы ЕККУ өкүлдөрү менен адам сатууга каршы күрөшүү, аялдардын укуктарын коргоо жана аларды экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашты. Отунбаева учурда өлкөдөн сырт жакта иштеп жаткан эмгек мигранттардын 50% аялдар түзөрүн жана алардын укуктарын коргоо жаатында чараларды көрүү маанилүү болуп турганын белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG