Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:33

Айдоочулар: Жүктү кытайлар эмес, биз ташыйбыз


Торугарт аркылуу Кытайдан жүк тарткан 30-40тай айдоочу Балыкчыдан Нарынга жөнөп кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айдоочулар коомунун өкүлү Жолдошбек Касымов билдирди. Айдоочулар жүктөрдү чек арадан бери Кыргызстандын КАМАЗдары ташысын деген талаптарын билдиришүүдө. Касымовдун айтымында, 1-августта алар менен Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов жолугуп, талаптарын уккан.

Айдоочулар өкмөткө жалпысынан жети талап коюп жатышат. Алар: Кытайдан оор жүк ташууну токтотуу, жүк ташуучу унаалардын автобекетин жаңыртып берүү жана жаңы унааларды сатып алууга жардамдашуу, Торугартка тараза орнотуу, Ат-Башы менен Балыкчыга техникалык база түзүү, транспорт жана байланыш министринин орун басары Деңиз Сулаймановду кызматтан алуу жана башка талаптарды айтышты. Өз кезегинде Кулматов айдоочулардын бул талаптарын өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге жеткирүүгө убада кылды.

Жогорку Кеңеште июнь айында “Автомобиль жолдору жөнүндөгү” мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, 44 тоннадан ашкан жүгү бар оор автоунаалар Кыргызстанга киргизилбеши керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG