Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:11

Мурдагы аким мыйзамсыз жер саткан деп айыпталууда


Октябрь райондук прокуратурасы аталган райондун мурдагы акимине (И.Ж.) 305-2-берене (Жер мыйзамын бузуу), 166-беренесинин (шылуунчулук) негизинде кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, И.Ж. аким болуп турган мезгилде Бишкек шаарынын Байтик Баатыр көчөсүнөн 22 жер тилкесин бөлүп берүү боюнча токтом чыгарган. Бирок жер алган адамдар жер алуу үчүн кезекте турган эмес жана Октябрь райондук администрацияга арыз жазып кайрылган эмес. Ошондой эле айрым жер тилкелери башка адамдарга сатылып кеткен. Ушул тапта иликтөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG