Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Бүгүн Кыргызстан кубогунун биринчи жарым финалы болот


Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулуп жаткан беттешүүлөр Бишкек жана Кант шаарларында өтмөкчү. Бишкектеги мелдеште “Дордой” менен “Нефтчи” командалары беттешет. Кантта “Абдыш-Ата” жана “Алай-Ош” командалары күч сынашат.

Эки оюндун жыйынтыгы боюнча утушка ээ болгондор финалда ойнойт. Бул тууралуу “Азаттыкка” спорттук баяндамачы Табылды Асыгалиев билдирди. Анын маалыматына ылайык, алгачкы этапта кубок үчүн жалпысынан республика боюнча 32 команда күч сынашкан.

Кыргызстан кубогу ушуну менен он тогузунчу жолу өткөрүлүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG