Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:46

Германияда АЭСтен баш тарткан мыйзам кабыл алынды


Германиянын президенти 2023-жылдан тарта өлкө атом кубаттулугунан толугу менен баш тарткан жана жакынкы 11 жыл ичинде бардык атом электр станцияларын жабуу тууралуу мыйзамга кол койду.

Германияда 12 атомдук электр станциясында 17 реактор коюлган. Март айында жапониялык “Фукусима” станциясындагы кырсыктан кийин 8 атомдук станциянын иши токтотулган. Бул болсо коңшу өлкөлөргө электр кубатын сатууну кыскартуунун эсебинен жабылган.

Жыл башынан бери Германияда энергиянын алтернативдүү түрлөрү: күндүн нуру, шамал жана биожылуулука өтүү 17% жеткен.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG