Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

АКШ: Конгрессмендер мамлекеттик карыз планын колдоду


Мамлекеттик карыздарды көбөйтүү боюнча өкмөт планын республикачыл партия жетекчилик кылган Өкүлдөр палатасынын 269 мүчөсү колдосо, 161и каршы добуш берди. Каршылардын арасында 60 республикачыл жана 90го чукул демократтар бар.

Шаршембиде демократтар башында турган Сенат бул документке добуш берүүсү күтүлөт.

Жактырылган документ мамлекеттик чыгымдарды азайтуу боюнча көп баскычтуу чараларды камтыйт. Пландын алгачкы баскычында 900 миллиард доллар чыгым азайып, ал эми карыздын көлөмү ушунча суммага өсөт. Жаңы документте бюджеттин карыздар көлөмүн максималдуу 2.4 триллион долларга жеткирүү планы сунушталган.

Ал ортодо документтеги кийинки бюджеттик кыскартуулар эки партия ортосунда кайрадан талкууларды жаратып, ал тургай тирешүүлөргө чейин жетиши мүмкүндүгү айтыла баштады.

XS
SM
MD
LG