Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:10

АКШ фонд базарларындагы индекстер төмөндөп кетти


АКШ президенти мамлекеттик карыздардын көлөмүн көбөйтүү планына кол койгондон кийин Aмериканын фонду базарларындагы негизги индекстер кескин төмөндөп кетти, Доу-Жонстун өнөр жай индекси 2 пайызга төмөндөгөндүгү кабарланды. Мындай абал 2008-жылдан бери биринчи катталууда.
Президент Барак Обама Конгресстин эки палатасынын колдоосунан кийин, шаршемби күнү мамлекеттик карыздардын лимитин көтөрүү планына кол койгон. Бул план өлкөнү дефолттон сактайт, ошол эле мезгилде жакынкы он жылда чыгымдарды кескин кыскартууга милдеттендирет.

Бул аралыкта Эл аралык Валюта корунун башчысы Кристин Лагард мамлекеттик карыздар боюнча лимиттин көтөрүлүшүн колдоп, бул америкалык жана дүйнөлүк экономикага пайдалуу болду деп билдирген. Кабыл алынган планга ылайык карыздын лимити 2трлн. 400 млрд долларга көтөрүлүп, ошол эле мезгилде мамлекеттик чыгымдар азайтылат.

XS
SM
MD
LG