Ирак соту чиркөөгө чабуулдарды жашыруун жетектеген деп айыпталган үч кишини өлүм жазасына буюрду. Былтыр мындай чабуулдан 68 киши мерт болгон. Жогорку Соттун өкүлүнүн айтымында бул үч кишинин 31-октябрда Багдаддагы Соборго терракты пландагандыгы далилденген. Төртүнчү киши 20 жыл эркинен ажыратылды. Жазалангандардын аттары аталган жок. Христиан коомчулугу мындай чечимди колдоду. Маалыматка караганда ар кандай зомбулуктарга байланыштуу Ирактан 2003-жылдан бери миллионго жакын христиандар чыгып кетишкен.