Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Сот түзүмдөрүн көзөмөлдөө кеңеши акция уюштурду


Укук коргоочулардан турган Сот түзүмдөрүн көзөмөлдөө кеңеши бүгүн эртең менен “Сот реформасына аза күтүү” деген аталышта акция уюштуруп, "сотторду тандоо жараяны ачык эмес жүрүп, талапкерлерден түшкөн арыздар дыкат каралбай жатат" деп нааразы болушту. Укук коргоочулар Сотторду тандоо кеңешине "чечимдерди шашылыш кабыл алууда" деген доомат артып, кеңешке мүчө болсо да өз талапкерлигин койгон адамдар "мыйзам чегинен тыш аракеттерге барып жатканын" билдирүүдө.

Сотторду тандоо кеңешинин бүгүнкү жыйыны кайым айтышуу менен башталып, укук коргоочу Азиза Абдрасулова Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү А.Ажибраимова менен Д.Боронбаева судья болууга талапкер катары көрсөтүлүп жатканы регламентке туура келбестигин белгиледи.

Жыйынга катышып жаткан коомдук кыймылдын өкүлдөрү Абдрасулованын мындай пикирине каршы болуп, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн иш аракеттерине нааразылыгын билдирип, укук коргоочунун дарегине бир катар сындар да айтылды. (EK)

XS
SM
MD
LG