Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:04

Күйүүчү май саткан эки компания чайкоочулукка барган


БНК жана ШНОС компаниялары өткөн айда Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы өкүм сүрүп турган учурда чайкоочулукка барганы тууралуу “АкиПресс” маалымат агенттигине бүгүн Каржы полициясынын башчысы Мурат Жакыпбаев билдирген. Анын айтымында, Каржы полициясы кризис күндөрү премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, аталган эки компанияда АИ-92 жана АИ-95 үлгүлөрүндөгү бензиндин канча көлөмү бардыгын текшерген. Текшерүү учурунда БНК жана ШНОСто күйүүчү майдын аталган үлгүдөгү кору бар болгону аныкталган жана текшерүүдөн соң компаниялар бааны өздөрү түшүрүшкөн.

Каржы полиция башчысынын пикиринде, аталган компаниялар жергиликтүү базарда бензин тартыштыгы өкүм сүрүп жаткан учурда кирешесин көбөйтүп алууну көздөгөн болушу мүмкүн.

Кыргызстандагы бензин тартыштыгы өткөн айдын соңунда премьер-министр Алмазбек Атамбаев Орусияга барып келген соң чечилген эле. Соңку кризистен кийин Монополияга каршы агенттик өкмөткө жогорку октандуу бензиндин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизүүнү караган токтом долбоорун сунуш кылды. Агенттик азыр монополист катары эсептелген “Газпром Нефть Азия” компаниясынын гана баасын көзөмөлдөйт.

Жаңы даярдалган токтомдо күйүүчү май соодасы менен алектенген компаниялардын баарынын баа саясатына көзөмөл жүргүзүү сунушталууда. (UE)

XS
SM
MD
LG