Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Дүйнөлүк базарларда баалуу кагаздардын наркы төмөндөдү


Төмөндөө АКШда биринчи дефолттун алдын-алынышы дүйнөнүн эң ири экономикасынын келечеги боюнча жаңы кооптонууларды жараткан учурда орун алууда. АКШ менен Азиядан кийин бүгүн Европада баалуу кагаздар базары төмөндөө менен ачылды.

Мунун алдында президент Барак Обама АКШнын федералдык карызынын көлөмүнүн чегин көбөйтүүнү караган мыйзамга кол койгон эле. Ага чейин эксперттер АКШ өкмөтү эсептерин төлөй албай каларын айтып жатышкан.

АКШнын өкмөттүк баалуу кагаздарынын эң ири чет элдик кармоочусу Кытай америкалык өкмөттү карыз маселесин жоопкерчилик менен жөнгө салууга чакырып, өзүнүн резервин мындан ары да доллардан башка валюталарга которо турганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG